super.kg logo

Төрөбаев Ысык-Атадагы кичи ГЭСтин курулушу менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ысык-Ата дарыясында курулуп жаткан кичи ГЭСтин курулушу менен таанышты.

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, бул объектке баруу энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иш-чараларынын алкагында уюштурулду.

Жыйынга энергетика тармагындагы ассоциациялардын жана бирикмелердин, жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер, анын ичинде кичи ГЭСтерди курууга керектүү уруксат документтерин алуу боюнча орун алган көйгөйлүү маселелер талкууланды.

"Сапат-Электро.КТ” компаниясы тарабынан Ысык-Ата дарыясына курулуп жаткан кичи ГЭСтин курулушу 2023-жылы аяктайт жана ал ишке киргизилгенде анын кубаттуулугу 2 МВт болот", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: