super.kg logo

"Газпром Кыргызстан" "Кырман" конушун газдаштырды

 

Жаңы конуштун үч миңден ашык тургуну ишенимдүү жана экологиялык энергия булагына ээ болушту.

Калктуу конушту газдаштыруу олуттуу түрдө тиричиликти жеңилдетип, күнүмдүк жашоодо ыңгайлуулуктарды түзөт. Бүгүнкү күндө тургундар жаратылыш газын тамак бышыруу, үйдү жылытуу жана башка тиричилик муктаждыктарына пайдалана алышат. Анын үстүнө жашоо экологиялык жактан таза болуп, ден соолукка зыян келтирбейт.

Кырманды газдаштыруу иштери жарым жыл мурда эле башталып, бул убакыттын ичинде 17,5 чакырым короо ичиндеги жана жер астындагы газ өткөргүчтөрү тартылган.

«Кырман» — бул «Газпром Кыргызстан» газ бөлүштүрүүчү тармактарды тартып барган 42-калктуу конуш. «Газпром Кыргызстан» компаниясы иштей баштагандан бери жалпысынан 1100 чакырымдан ашык газ бөлүштүрүүчү тармак курулуп, дээрлик 250 миң адам жаратылыш газына кошулуп, көгүлтүр от менен камсыз болду.

Мавлян Ахмедов, «Кырман» калктуу конушунун аксакалы:

«Бул биз үчүн көптөн күткөн окуя болду. Конушубузду газдаштыруу биздин социалдык жана турмуш-тиричилик шарттарыбызды бир кыйла жакшыртаарына ишенебиз. Мен «Газпром Кыргызстан» компаниясына аткарылган иштер үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Тургундар абдан кубанып, көгүлтүр отунга активдүү кошулуп жатышат. Мындан тышкары, газ менен жылытууга өтүү биздин калктуу конушубуздагы абанын тазалыгына, натыйжада жашоочуларыбыздын ден соолугуна жакшы таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө бул тема эң эле актуалдуу деп ойлойм».

Мурат Сулайманов, ремонт жана капиталдык курулуш боюнча башкы директордун орун басары:

«“Газпром Кыргызстан” үзгүлтүксүз газдын берилишин жана туруктуу бааларды гана камсыздабастан, ошондой эле республиканы газдаштыруунун Башкы схемасынын жана компаниянын Инвестициялык программасынын алкагында өлкөнүн газ инфраструктурасын модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча масштабдуу программасын ишке ашырат.

Биздин ишмердүүлүгүбүз башталгандан бери биз республиканын түндүгүндөгү бардык негизги газ объекттерин жаңыладык, түштүктө дагы жигердүү иштерди алып баруудабыз. Белгилей кетсем, бизге чейин Кыргызстандын газ инфраструктурасын реконструкциялоо менен эч ким алектенген эмес. Бизге совет мезгилинде эксплуатацияга берилип, 30-40 жылдан бери иштеп жаткан объекттер жана газ өткөргүчтөр берилген.

Бүгүнкү күндө биз өлкөнү газдаштыруунун 38 пайыздык деңгээлине ишенимдүү жете алдык. Жыл сайын 150-200 км кем эмес газ бөлүштүрүүчү тармактарды курууну пландап жатабыз».

«Газпром Кыргызстан» 2030-жылга чейин Кыргызстандын газдаштыруу деңгээлин 60 пайызга жеткирүүнү пландоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: