Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү тоо туризмин өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Каракол шаарында тоо туризминин инфраструктурасын өнүктүрүү долбоорлору менен таанышты.
Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, ал ошондой эле саатына 250 жүргүнчүнү кабыл ала турган "Каракол" эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн карап чыкты.
"Мамлекет башчысына учурда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатканы боюнча маалымат берилди. Аэровокзалдын аянты 8 миңге жакын чарчы метрди түзөт.
Долбоорго ылайык, ошондой эле “Embraer 190” аба түрү жана алардын аналогдору үчүн жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу каралууда. Бул чет өлкөлөрдөн туристтердин агымын тартат жана көбөйтөт", - деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров иштелип жаткан бардык долбоорлор Ысык-Көл облусунун жана жалпы өлкөдөгү туристтик потенциалды кеңейтүүгө багытталышы керектигин белгиледи.

