super.kg logo

Биринчи айым Баткендеги көп балалуу эки үй-бүлөдөн кабар алды 

 

Биринчи айым Айгүл Жапарова Баткен шаарына жакын Чет-Кызыл конушунда жашаган көп балалуу - 9 жана 11 баласы бар эки үй-бүлөгө барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Көп балалуу ата-энелер менен болгон баарлашууда Айгүл Жапарова алардын башынан кечирип жаткан кыйынчылыктары жөнүндө өздөрүнөн угуп, үй-бүлөлөр тарабынан айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Балдар өз кезегинде биринчи айым менен кыялдары жана келечектеги пландары менен бөлүштү. Ал ар бирин кунт коюп угуп, билимдүү адис болуу үчүн билим алууга умтулуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Баарлашуу учурунда Айгүл Жапарова кыйынчылыктарга карабастан бул үй-бүлөлөрдүн балдары абдан шайыр жана боорукер экендигин канааттануу менен белгиледи.

Биринчи айым үй-бүлө - ар бир адамдын жашоосундагы негизги таяныч экенин, ошондуктан балдарды камкордук менен курчап, аларга туура тарбия берүү маанилүү, деп кошумчалады.

Айгүл Жапарова балдарга чың ден соолук, бактылуу балалык, ал эми ата-энелерине күч-кубат жана сүйүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: