super.kg logo

Медиа кызматкерлери үчүн Осмон империясынын борбор шаарларына саякат уюштурулду 

 

25-29-апрель аралыгында Түркиянын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Туризмди өнүктүрүү агенттиги жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин маданият кеңешчилиги уюштурган “Осмон империясынын борбор шаарларына саякат” иш-чарасы өттү.

Бул программанын алкагында Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Босния-Герцеговина жана Сербия өлкөлөрүнөн келген медиа кызматкерлери Түркиянын Стамбул, Эдирне, Бурса жана Билежик шаарларынын маданий жайларын, тарыхый имараттарын жана башка маанилүү жайларын кыдырышты.

Саякаттын жүрүшүндө катышуучулар Осмон империясынын түзүлүшү, империянын курулушуна салым кошкон адамдар, тарыхый имараттардын курулуш таржымалы тууралуу кеңири маалымат алышты.

Осмон империясынын эң биринчи борбор шаары Билежиктин Сөгүт аймагы болгон. Экинчи борбор шаары Бурса, үчүнчүсү Эдирне, төртүнчүсү азыркы Стамбул шаары. Осмон империясы 1299-жылы осмон түрктөрү тарабынан Осмон Газинин жетекчилигинде түзүлгөн мамлекет.

Ал Чыгыш Европа, Түштүк Батыш Азия жана Түндүк Африкага чейинки жерлерди ээлигине алган, XVI кылымга келгенде дүйнөнүн эң күчтүү империясы боло алган түрк-ислам мамлекети. Осмон империясынын пайда болушу Византиянын, тагыраак айтканда, Чыгыш Рим империясынын кулашы менен пайда болгон.

Византиянын борбору Константинополь, азыркы Стамбул шаары болгон. Осмон империясы Оттаман империясы деп да айтылган. Империя 1923-жылга чейин, тагыраак айтканда, Мустафа Кемаль Ата түрк Түрк Республикасын түзүп, анын биринчи президенти болгонго чейин өкүм сүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: