super.kg logo
  Спорт  

Ошто ордо оюну боюнча өлкөнүн чемпионаты башталды

 

Бүгүн Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жаңы аянтчасында ордо оюну боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды.

3-майга чейин уланган чемпионатка республиканын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан тогуз команда катышууда.

Жеңүүчүлөр дипломдор, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышат. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңишке жетишкен командалардын оюнчулары Кыргызстандын спорт чебери наамын алышат жана көчмөндөр оюндарында республиканын курама командасына киргизилет.

Чемпионат Спорттун улуттук түрлөрү бонча дирекциясы, Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: