Бүгүнтөн тарта электр энергиянын баасы бир сом болот

Бүгүн, 1-майдан тарта электр энергиянын баасы бир сом болот. Анда электр энергиянын баасы 23 тыйынга жогорулайт.
Аталган документке ылайык, электр энергиясын 700 киловатт-сааттан жогору көлөмдө пайдаланган учурда тариф 2,16 сом болуп мурдагы деңгээлде сакталат. Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн дагы мурдагы деңгээлде сакталып, 1 киловатт-саат үчүн 50 тыйынды түзөт. Ал эми электр энергиясын чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн тариф 5,04 сомдун ордуна 3,28 сомго чейин төмөндөтүлгөн.
"Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн зарыл болуп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-апрелде кол койгон.

