super.kg logo

Мен көргөн бир күн: "Колумду кайрып алып, сахнага чыгарбай коюп..."

 

SUPER.KG порталы ар бир кесиптин ээлеринин иш учурундагы башынан өткөргөн, өмүр бою эсинен кетпей турган окуяларын баяндоону улантат. Бул ирет Ош улуттук драма театрынын жаш актёру Самат Капаров ары сыймыктуу, ары түйшүктүү жумушундагы кызыктуу учурларды баяндап берет.

Самат Карапов 1998-жылы 14-февралда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүнүн Терек айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач программист адистиги боюнча билим алган. Бирок жан дүйнөсү чыгармачылыкка тартып, бул багытта билим алууну чечкен. Учурда Ош мамлекеттик университетинде 5-курста режиссёр адистигинде окуйт.

Каарманыбыз бала кезинен эле актёр болууну самаган. Кинодогу каармандардын баскан-турганын туурап, ошолордой болууну кыялданчу. Балалык кездеги негизги тилектеринин бири орундалып, 3 жылдан бери театрда эмгектенип келет. Спектаклдерде башкы каармандардын образын жаратып, көрүүчүнүн алкышына ээ болууда.

Жакынкы күндөрү Ош улуттук драма театрынын жамааты Бишкек шаарында болуп, борбор калаанын тургундарына 6 спектаклди тартуулашты. Анда Самат эки спектаклде башкы каармандын ролун аткарган. Суранчы Жетимишовдун “Кубат бий” спектаклинде Кубат бийдин ролун жаратса, Линара Бакыбаеванын “Бакыт учурган уш” спектаклинде Таалайдын образын ойногон.

"Театрга 2018-жылы агайым Ниязбек Абдиразаковдун кеңеши менен бардым. Азыр эстесем эч нерсени ойлобой, эч нерседен коркпой жаштыктын деми менен барган экенмин. Бирок мени театрга кабыл алышкан эмес. Демек, менден актёр чыкпайт го деген да ойлор келген. Бирок 2020-жылы Ниязбек агай мени кыйнап эле кайрадан театрга алып барды. Ошондон бери сахнадамын. Бир канча ролдорду жараттым. Балалыгымдагы негизги кыялдарымдын бири орундалганына абдан кубанычтамын", - дейт актёр.

"Театр - менин жашоо" деген каарманыбыз жумуш учурундагы кызыктуу жана анын эсинде калган күндү мындай эскерди.

"Биздин ар бир сахнага чыкканыбыз кызыктуу. Былтыркы жылы жаңы жылдык иш-чараларды уюштуруп, элге майрамдык маанай тартуулаганбыз. Анда сценарий боюнча бир кесиптешим экөөбүз залда көрүүчүлөр арасында отуруп, концертти баштабайсыңарбы деп ызы-чуу салышыбыз керек болчу. Аны келген коноктор чын кабыл алып, бир байке менин колумду кайрып: "тынч отуруп концерт көрөлү", - деп мени сахнага чыгарбай койгон. Ал эми кесиптешимди болсо дагы бир байке сыртка алып чыгып кеткен. Эсимде, аябай ызы-чуу болгон. Биз актёрбуз, сахнага чыгышыбыз керек десек да ишенбей, анын айынан концертибиз көпкө чейин башталбай калган. Ал окуяны кесиптештер менен азыркыга чейин эстеп, күлүп калабыз".

Жаш актёр келечекте Кыргызстандын маданияттынын өнүгүшүнө чоң салымым кошуп, өлкөнү дүйнөгө таанытууну самайт.

"Жараткан ролдорум үчүн бир катар ардак грамота, алкыш баракчалары менен сыйлангам. Жакында эле "Таланттуу инсан" төш белгисинин ээси болдум. Талантымды, эмгегимди баалап мындай сыйлыктардын берилип жатканы мага дагы дем берип, бийик максаттарды коюуга өбөлгө түзөт", - дейт Самат Капаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: