Жапаров менен Мирзийоев телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 1-майда президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев телефон аркылуу сүйлөштү.
Анда Жапаров Мирзийоевди өлкөнүн келечектеги өнүгүү жолун аныктаган дагы бир орчундуу жана тарыхый окуяга айланган конституциялык референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.
"Садыр Жапаров президент Шавкат Мирзийоев тарабынан жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа, ошондой эле өлкөнү мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы идеяларды жана принциптерди ишке ашыруу багыты да достук мамиледеги Өзбекстандын дүйнөлүк саясаттагы аброюн бекемдөөгө салым кошоруна ишенимин билдирди.
Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлүп, бир туугандык, достук жана ынак коңшулук мамилелерге негизделген бардык деңгээлде конструктивдүү жана ишенимдүү диалог түзүлгөнүн баса белгиледи. Кабыл алынган биргелешкен Жол картасына ылайык тараптардын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер толук көлөмдө уланууда" деп жазылат президенттин администрациясы тараткан маалыматта.
Сүйлөшүү учурунда мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу форматта боло турган иш-чаралардын графиги боюнча да пикир алышты.

