super.kg logo

Өмүрбек Текебаев Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту (фото)

 

Франкфурт шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Жолугушуу кыргызстандыктардын «B.I.Z» («Bildung. Initiative. Zusammenarbeit» - «Билим. Демилге. Кызматташтык») уюмунун жардамы менен болуп ɵттү. Жолугушууга Кыргызстандын Майндагы Франкфурт шаарындагы консулдук агенттигинин консулу Чубак Оморов жана элчиликтин кызматкерлери катышты.

Жолугушууга келген мекендештерди элчи Өмүрбек Текебаев 5-май - Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады. Элчи ɵз сɵзүндɵ Германияда окуп жана иштеп жүргɵн кыргыз жаштарына ийгилик каалап, Кыргызстан менен тыгыз байланышта болууга чакырды.

Жолугушуу учурунда Кыргызстандыктардын Германияда болушуна байланышкан ар кандай суроолор боюнча пикир алмашуу болуп ɵттү. Өзʏнʏн мыкты иш-аракети үчүн кыргызстандыктардын «B.I.Z» («Bildung. Initiative. Zusammenarbeit» - «Билим. Демилге. Кызматташтык») уюмунун жетекчиси Асель Сайраан-Дамир жана анын активдүү мүчөсү Азамат Дамир Элчиликтин Алкыш баракчасы менен сыйланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: