Ак-Ордодо үйү түрттүрүлгөн Марал Шаболотованын жаңы үйү салынып бүттү (видео)
Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушунда үйү түрттүрүлгөн Марал Шаболотовага салынып жаткан жаңы үй курулуп бүттү.
Бүгүн, 1-майда SUPER.KG порталы Марал Шаболотованын жаңы салынган ак өргөөсү менен таанышып кайтты. Кубанычы коюнуна батпаган ал өлкө башчы Садыр Жапаровго ыраазычылыгын билдирди.
"Бүгүн ачылышы деп тарады эле, Кудайга шүгүр, Ак-Ордо эли, туугандарыбыз үйдө даам сызып отурушат. Ар бир Кыргыз элине, президентибизге ыраазычылык билдирем. Бардыгы ойдогудай, сапаттуу болду. Түш көргөндөй эле болуп жатабыз, баары артта калды", - деди кубанычы коюнуна батпаган Марал Шаболотова.
Марал Шаболотованын жаңы салынган үйүн видеодон көрүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.