super.kg logo

Гапыр агай Баткендеги студенттер менен жолукту

 
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов Баткен шаарындагы медреселердин студенттери менен жолугушуп, «Илим алуу жана убакытты туура пайдалануу» темасында баяндама жасады. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.
Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими жолугушуу алкагында окутуунун натыйжалуу ыкмалары, баланы мектепте ийгиликке шыктандыруу жолдору, балдарга кандай заманбап көндүмдөрдү үйрөтүү керектиги тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.

Ал “ата-эне китеп окубаса, бала да китеп окубайт” деп баса белгилеп, келечектеги мугалимдер окуучулары менен гана эмес, ата-энелер менен да тыгыз байланыш түзүүсү зарыл экендигин билдирди.
Жолугушуу суроо-жооп форматында уланып, студенттер түрдүү суроолоруна жооп жана кеп-кеңеш алышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: