Бишкекте мыйзамсыз 179 жарнама конструкциялары алынды




Бишкек шаарындагы "Мадина" базарын иретке келтирүү иштери жүрүүдө. Анда базардын айланасында жана Менделеев көчөсүндөгү 179 жарнамалык конструкциялары демонтаждалды.
Калаа бийлигинен маалымдашкандай, Менделеев көчөсү 91 б жана 93 даректеринде жайгашкан мыйзамсыз орнотулган 2 бастырма да алынды.
Базарда өткөн жыйында башкармалык соода объектилерин тартипке келтирип, Менделеев көчөсүндөгү жана базардын айланасындагы мыйзамсыз орнотулган курулуштарды бузууну колго алды.
"Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик башкармалыгына "Бишкек унаа токтоочу жай" ишканасы андан ары бекитип берүү үчүн Менделеев көчөсүн бойлото унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.
Милициянын кайгуул кызматы жогорудагы көчөдө стихиялуу унаа токтотууларды жоюу жана автотранспорттук кыймылды иретке келтирүү маселесин чечүүгө көмөктөшүп, өзгөчө көзөмөлгө алат.

