Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү белгилүү болду
Бишкек шаарында ысык суу берүү 22-майдан 22-июнга чейин токтотулат. Бул тууралуу калаа бийлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, тийиштүү буйрукка шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Ысык сууну өчүрүү жыл сайын жылуулук тармактарын жана жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.
Белгилей өтсөк, былтыр, 2022-жылы борбор калаада ысык суу берүү 16-майдан 16-июнга чейин өчүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.