super.kg logo

Сот департаменти журналист кабылган окуя боюнча маалымат берди

 

Жогорку Сотко караштуу Сот департаменти 2-майда Бишкек шаардык сотунда журналист кабылган окуя боюнча комментарий берди.

Мекеме тараткан маалыматта кабарчы конвойдун имараттын короосунда турган унаасын видеого тартып, башкаларга тоскоолдук жаратканы, соттун тартип сакчыларына кыйкырып, чыр чыгарганы айтылды.

"Тийиштүү кызматкерлерден рапорт алынды, тарап жаткан видео материал жана документтер иликтенип жатат. Бул окуя боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлөт”, - деп белгилешти Сот департаментинен.

Окуяга күбө болгон журналисттер Govori TV'нын ал кабарчысы эч кимге тоскоолдук жаратпаганын, чырга себепкер болбогонун жазып чыгышты.

Бүгүн, 2-майда Govori TV агенттигинин кабарчысы Гулназ Мидин кызы Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын сотуна даярданып, жабдыктарын орнотуп жаткан учурда аны сот залындагы тартип сакчылары күч колдонуп, эч себепсиз эшикке чыгарып салышканын билдирген. Окуядан соң журналист сот аткаруучуларга карата чара көрүү арыз менен милицияга жана сот департаментине кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.05.2023. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналисттер чектен ашып кетти көрүнгөн жерге мурдун тыгышып , колу бутун сындырып салыш керек болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: