super.kg logo
  Саясат  

“Неге мынча кайдыгербиз?“. Президент кыргызстандыктарга кайрылды

 

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жалпы кыргызстандыктарга кайрылып, жарандарды Ысык-Көлгө аяр мамиле жасоого жана эс алгандан кийин таштанды калтырбоого чакырды.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Мынчалык кайдыгер болбогулачы.

Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалап бүтө албай жатышат.

Таза болуу өзүбүздөн го акыры. Неге мынча кайдыгербиз? Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз.

Тазалыкты сактоону суранам. "Тазалаган жер таза эмес, тазалыкты сактаган жер таза".

Ар бир жаран тазалыкты сактоого жана башка жарандардан дагы тазалыкты сактоону талап кылууга милдеттүүсүздөр", – деди Жапаров.

Президент Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин эмгегин баалоого чакырды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын мартында Ысык-Көлдө көлдү таштандылардан тазалоо иштери башталган.

ӨКМнын суучулдары учурда көл түбүнөн тонналаган таштандыларды алып чыгууда.

Буга чейин ведомстводон билдиришкендей, суучулдар 47 күндүн ичинде көлдөн 3,7 миң килограмм таштанды жана 47 миң метр тор алып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: