super.kg logo

Кыргызстан 15 гемодиализ аппаратын сатып алды. Алар кайсы ооруканаларга орнотулат?

 

Өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдары үчүн 15 көчмө гемодиализ аппараты сатып алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аппараттар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында сатып алынган.

Долбоордун максаты - COVID-19 коркунучун алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү болуп саналат.

Бул медициналык жабдуулар интенсивдүү терапия жана жандандыруу бөлүмдөрүндө өтө зарыл, бөйрөктүн курч жетишсиздигинде (БКЖ) канды токсиндерден жана ашыкча суюктуктан тазалоо үчүн арналган. Сатып алынган жабдуулар 2023-жылы чыгарылган жаңы заманбап көчмө гемодиализ аппараттары болуп эсептелинери айтылды.

Жабдуулар саламаттык сактоо министрлигинин бөлүштүрүү планына ылайык өлкөнүн бардык аймактарындагы негизги саламаттык сактоо уюмдарына орнотулду.

Алар:

  • Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы;
  • Улуттук хирургия борбору;
  • Улуттук госпитал;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору;
  • Бишкек шаарындагы Клиникалык тез жардам ооруканасы;
  • Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (2 даана);
  • Чүй облустук бириккен ооруканас;
  • Талас облустук бириккен ооруканасы;
  • Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасы;
  • Баткен облустук бириккен ооруканасы;
  • Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы;
  • Нарын облустук бириккен ооруканасы;
  • Токтогул Жалпы дарыгерлик практика борбору.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: