Кыргызстанда бензин кымбатташы мүмкүн
Өлкөдө май айында бензин 1 сом 50 тыйындан 2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтедрейдерлер ассоциациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Орусиянын мунай продуктыларынын рыногунда үстүбүздөгү жылдын башынан бери бензин тобуна дүң сатуу баасы болжол менен 35 пайызга жогорулаган. Орусиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунун мунай продуктуларын сатуу бааларынын өсүшү ОПЕК+ мүчө өлкөлөрүнө мунай өндүрүү көлөмүн кыскартуу менен шартталган. ОПЕК+ өлкөлөрү үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап өндүрүштү суткасына 1,6 миллион баррелге кыскартууну чечкен.
"Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен май айында Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда бензин тобуна баа литрине 1,5-2 сомго кымбатташы мүмкүн. Ошол эле учурда нефтетрейддик компаниялар баанын көтөрүлүшүн жумшартуу жана күтүүсүз өзгөрүүлөргө жол бербөө саясатын улантуу ниетинде", - деп жазылат билдирүүдө.


