Кремль Владимир Путинге кол салуу болгонун жарыялады
Кечээ кечинде Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруу аракети жасалган. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.
"Эки учкучсуз учуучу аппарат Кремлди көздөй багытталган", - деп айтылат маалыматта.
Орус бийлиги муну 9-майдагы параддын алдында президентке кол салуу аракети деп баалады.
Учкучсуз учуучу аппараттар атып түшүрүлгөн. Кол салуу аракетинен жабыркагандар болгон жок.
Украина орус тараптын билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.