super.kg logo

"Керемет Банктын" банкоматтары штаттык режимде иштеп жатат

 

«Керемет Банк» ААК банкоматтардагы акча каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу кырдаал боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет. Банктын негизги акционери Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы болуп саналат жана ушуга байланыштуу Банк көптөгөн мамлекеттик программаларга, анын ичинде бюджеттик уюмдарды жана эмгек акы долбоорлору боюнча мамлекеттик менчикте турган уюмдарды тейлөөгө катышат.

Тейлөөчү уюмдардын санынын олуттуу өсүшүн, эмгек акынын жана социалдык төлөмдөрдүн өсүшүн эске алуу менен банкоматтардан алынган накталай акчанын көлөмү ошого жараша көбөйдү. Мындан тышкары, ар бир айдын аягында бюджеттик мекемелердин эмгек акысын массалык түрдө бир эле убакта которүү болуп жатат, бул банкоматтарды тейлөөдө, анын ичинде накталай акчаларды жүктөөдө анча-мынча үзгүлтүктөргө алып келет. Банк өз ишинде кардарга багытталган саясатты карманып, өз кардарларына максималдуу ыңгайлуулукту түзүүгө жана пайда болгон көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө умтулат.

Учурда банкоматтардын жана Банктын башка терминалдык түзүлүштөрүнүн бардык тармагы штаттык режимде иштеп жатат жана кардарлар каалаган убакта биздин өлкөнүн соода жана тейлөө ишканаларында накталай акча ала алышат же банктык которуу жолу менен товарларды жана кызматтарды төлөй алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: