Наристе жетелеген жубайлар, сырдаша отурган курбулар... "Ата-Түрк" сейил багынан фоторепортаж
Жаз мезгилинен тарта борбор калаадагы сейил бактарга келген эс алуучулардын саны арбыйт. Анда наристесин жетелеген ата-энени, сырдашып отурган курбу-курдаштарды, жетелеше баскан эки жашты, китеп окуган кыз-жигитти, ойлуу отурган карыяны анан бактан-бакка секире ойногон тыйын чычкандарды да жолуктурууга болот. Азыркы учурда "Ата-Түрк" сейил багына баргандардын саны аз экени байкалат. Балким, буга аба ырайы салкын болуп жатканы себептир...
Сиздер үчүн аталган сейил бакта тартылган сүрөттөрдү сунуштайбыз. Жаратылыш көркөмүнө көз салып, жан дүйнөңүздү эс алдырыңыз.
Баса, кыргызстандыктар 5-майдан 10-майга чейин май айындагы майрамдарга байланыштуу беш күн катары менен эс алышат. Буга байланыштуу жарандар бул күндөрдү кызыктуу жана пайдалуу өткөрүү үчүн план түзүп койгон чыгар. Балким, айрымдары али деле эс алууну кайда барып өткөрүүнү билбей жатса керек. Тизмеңизге "Ата-Түрк" сейил багын да кошуп коюну сунуштайбыз.
Белгилей кетсек, "Ата-Түрк" сейил багы Ахунбаев менен Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

