Аба жетпей муунуп, жөтөлөт. Астманы дарылоо мүмкүнбү? Дарыгер жооп берет
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу алдында, астма боюнча глобалдык демилгенин алкагында май айынын биринчи шейшембисинде Бүткүл дүйнөлүк астма менен күрөшүү күнү белгиленет.
Биринчи жолу бул күн 1998-жылы 35 өлкөдө өткөрүлүп, ал Бронхиалдык астманын бүткүл дүйнөлүк форумуна туш келген. Жыл өткөн сайын аталган майрамды белгилеген мамлекеттердин саны өсүүдө. Бул күндү өткөрүүнүн максаты - коомчулуктун көңүлүн астма менен ооруган адамдардын санынын өсүп бараткан көйгөйүнө буруу, оору тууралуу маалымат берүү жана бул илдетке чалдыккандарга жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу.
Саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө 330 миллиондон ашык адам астма оорусунан жабыркайт.
Датаны утурлай SUPER.KG порталы астма оорусунун себеби, белгилери жана дарылоо жолдору тууралуу билип көрдү. Биздин суроолорубузга пульмонолог дарыгер Маамед Мадемилов жооп берет.
Астма деген эмне?
Астма - бронхтордун жылчыгынын тарышынан (Бронх астмасы) же жүрөктүн жабыркоосунан (Жүрөк астмасы) болуучу капысынан дем кыстыгуу (муунуу). Оору дем алуу жолдорунун сезгенүүсүнөн (аллергия) келип чыгат.
Пайда болуу себептери?
- Тукум куучулук. Ата-энеси бронхиалдык астма, ошондой эле аллергия менен ооруган балдарда астмага кабылуу коркунучу бар.
- Чаңдар (Көчөдөгү жана үйдөгү. Үйдөгү чаңдагы кенелер).
- Чөп, дарак, гүлдөрдүн чаңчалары жана алар пайда кылган аллергия.
- Жаныбарлардын жүндөрү.
- Көк басуу, грибоктор.
- Зыяндуу заттар менен иштөө. Завод жана цехтерде уулуу заттар менен иштөө, ошондой эле ун, кум, газ, цемент сатып же ташып алектенүү.
- Жашаган жердин экологиясы (өнөр жайлар жайгашкан шаардагылар айылдагылардан көп оорушат).
- Дары-дармектер. Кээде сезгенүүгө каршы дарылар (аспирин) да астмага жеткирет.
- Аллергиялык ринит (дарылабаса бронхиалдык астмага өтүп кетет).
- Абанын булганышы.
Астманын белгилери
Адатта астма менен жабыркаган адамдын дем алуу жолдору абдан сезимтал келип, түтүн, ыштын жытынан, аба ырайы өзгөргөндө, айрым тамак-аш, кескин жыт тараганда деми кысылып, дем алуусу оорлойт. Мындай учурда адамдын бронхторунун каптал булчуңдары жыйрылат да, дем алуу жолу ичкерет. Ошол жердеги ткандар шишип, ал жерде былжыр жана какырык көбөйөт. Ошол учурда бронхтордун көлөмү кичирейип, аба өтпөй, дем алуусу оорлоп, жөтөлүп, көкүрөк кышылдап, алсырап, акыбалы начарлайт.
Дарылоо жолдору
Бронхиалдык астма – бул өнөкөт оору, биротоло айыктырууга мүмкүн эмес. Бирок дарылоо менен анын аз кармоосуна жана ооруну өнүктүрбөй кармап турууга болот.
Дарылоонун негизи болуп сезгенүүгө каршы препараттар – ингаляциялык глюкокортикостероиддер (мындан тышкары, бронходилататорлор колдонулат). Бул дарылардын жогорку дозалары талап кылынган жагдайга жол бербесек, алардын терс таасирлери байкалбайт. Башка жагынан алып караганда, жогорку дозада жана бул дары-дармектерди оозеки жол аркылуу колдонуу менен (системалык стероиддер деп аталган), терс таасирлери алда канча олуттуу болушу мүмкүн. Бирок бизде бул бейтаптарга системалуу стероиддердин чоң дозаларын киргизүү зарылдыгын азайта турган бир нерсе бар. Алар биологиялык дары болуп саналат.
Дарттын алдын алуу
- Аллергия, атопиялык дерматит болсо ооруну өтүштүрбөй дарылануу;
- Аллергиясы барлар аллергендер менен контактта болбоо (үй шыпырбоо, чаң күбүбөө, дарак, гүлдөр гүлдөп жатканда маска тагынуу, жаныбарларга жолобоо) кажет;
- Үйдөгү эски пар жаздыктарды, төшөнчү, дивандарды ыргытуу жана үйдөгү чаңдарды аарчып туруу.

