Тургунбек Кулмурзаев “Кыргызгазды” карызга батыргандар боюнча тергөө жүрүп жатканын айтты

“Кыргызгазды” карызга батыргандар боюнча прокуратура учурда тергөө жүргүзүп жатат. Муну парламенттин 11-декабрдагы жыйынында “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев айтты. Айтымында, ишкананын карызы 50 миллион доллар. “Карыздар боюнча бир адам гана күнөөлүү деп айта албайбыз. Коррупциялык схема болгону үчүн ишкана карызга батып, учурда айрым адамдардын үстүнөн иликтөө жүрүп жатат да”,- деди ал.
Депутаттар ишкананы карызга батырган жетекчилер эртеби-кечпи жоопко тартылышы керек экенин айтышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
2

