super.kg logo

Ошто курулуш компаниянын кызматкери тургунду сабап салды

 

Ош шаарында "Эмаком" курулуш компаниясынын кызматкери пикир келишпестиктен улам тургунду көтөрүп чаап, ал алган жаркатынан улам жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ош ШИИББинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-майда саат 18:00 чамасында Ош шаарындагы "Эмаком" курулуш компаниясынын жаңы курулуп жаткан көп кабатуу үйдүн жанында аталган компаниянын өкүлү 2000-жылы туулган Б.Т. менен ошол көчөнүн жашоочусу Т. уулу Т. менен пикир келишпестик жаралган.

Натыйжада Б.Т. күч колдонулуп Т. уулу Т. ны көтөрүп чапканда ал денесинен оор жаракат алып, Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

"Окуя Ош ШИИБинин Ак-Буура милиция бөлүмүндө катталып, бейбаштык беренеси менен иш козголгон. Жабырлануучунун жараатынын аныктаган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен тергөө тарабынан кошумча беренелер коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча шектүү Б.Т. Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка кечээ киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: