super.kg logo

Президент күтүүсүздөн окуучулардын сабагына катышты (фото)

 

Бүгүн, 4-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкектеги №77 орто билим берүү мектебине пландан тышкары барып, 9-класстын окуучуларынын Диндердин өнүгүү тарыхы боюнча сабагына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашат.

Ага ылайык, аталган предмет өткөн жылдын сентябрынан тартып окуу планына киргизилген.

Окуучулар менен баарлашууда президент бул предмет өсүп келе жаткан муунга жана жаштарга дин, анын тарыхы, маданияты, адамзаттын жашоосундагы жана руханий-адептик чөйрөдөгү ролу жөнүндө объективдүү илимий билимди бериши керектигин белгиледи.

"Мамлекет башчысы окуучуларга салттуу диндердин баалуулуктары тууралуу билимге бүгүнкү күндө талап жогору экенин, анткени ар кандай кыймылдар өз катарына жаңы жолдоочуларды тартуу үчүн ар кандай каналдар аркылуу өз маалыматтарын активдүү жайылтып, аны диний баалуулук катары көрсөтүп жатканын түшүндүрдү

Президент ар кандай радикалдык диний агымдарга аралашуусунун алдын алуу үчүн өсүп келе жаткан муунга дин тууралуу туура маалыматтарды жеткирүү маанилүү экенин айтты" деп жазылат маалыматта.

Мектептеги сабактар жаштар арасында дин тууралуу туура түшүнүктү калыптандырууга гана жардам бербестен, алардын үй-бүлөсүндө жана жакын чөйрөсүндө диний маселелер боюнча билим алууга да салым кошорун белгиледи.

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети гуманитардык билим берүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Анын программасы менчигинин түрүнө жана формасына карабастан Билим берүү мекемелеринин 9-класстарынын окуучулары үчүн иштелип чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: