super.kg logo

Британияда Чарльз III'түн таажы кийүү аземи болот

 

Британияда 6-майда Чарльз III'түн таажы кийүү аземи болуп өтөт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Анда айтылган маалыматта мындай саамалык 70 жылдан бери боло элек. Учурда Британия эли таажы кийүү салтанатын кызуу күтүп жаткан кези.

Улуу Британияда мындай салтанат акыркы жолу 1953-жылы мындан 70 жыл мурда болгон. Анда Елизавета II таажы кийип такка отурган. Таажы кийгизүү аземинде британ эли шаан-шөөкөттүү жүрүштөр менен миң жылдан бери келаткан каада-салтка, аристократиялык жөрөлгөлөргө күбө болот.

Салтанат Букингем сарайынан Вестминстер аббаттыгын карай жүрүш менен башталат. Жүрүшкө 200гө жакын аскер катышат. Андан сырткары жүрүш маршрутунун эки жагына тең 1000 аскер тизилип турат.

Азем тууралуу Британиядагы "Анадолу Ажансы" агенттигинин кабарчысы Бехлүл Четинкая "Британия эли Чарльздын король болушун эмес, 70 жылдан соң алгачкы жолу болуучу таажы кийүү салтанатын күтүп жатат. Тарыхый окуяга күбө болуу үчүн эмитен орундарын даярдап чатыр кургандар бар" деген.

Белгилей кетсек, такка отуруучу король Чарльз III Британия тарыхындагы 40-монарх болуп калмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: