"Базар, банк, университет...". Бишкекте ишембиликке чыкпаган 38 мекемеге айып пул салынды (тизме)
Бишкек шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоонун бир айлыгы аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Бишкек шаарынын мэриясы ишембиликтерге активдүү катышканы үчүн шаардыктарга ыраазычылык билдирет. Бирок кээ бир уюмдар ишембиликке бекитилген участокторго чыкпагандыгын билдиребиз", - деп билдиришти мэриядан.
Тартип бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чарба жүргүзүүчү субъектилердин айланасында тазалык жана тартип сакталбагандыгы үчүн КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык протоколдор түзүлдү. Бул берене 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салууга алып келет.
Муниципалдык инспекциясынын маалыматы боюнча, тартип бузгандар 38 шаардык мекеме:
«Түндүк» темир жол бажысы
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгы
Бишкек шаарынын Эркин экономикалык аймагы
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультети
Алиаскар Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникуму
№ 100 кесиптик лицей
№ 2 клиникалык шаардык төрөт үйү
Клиникалык тез жардам ооруканасы
“Октябрь” кинотеатры
«Бишкек троллейбус башкармалыгы» Муниципалдык ишкана
“Берекет Универсал” базары
“Уста” базары
“Баткен комфорт” базары
“Жумушчу” базары
“Пишпек” базары
“Элиткурулуш” базары
“Дордой-Моторс” базары
“Ош базары” соода базар комплекси
“Берекет Гранд” Соода борбору
“Берекет” Жабык акционердик коом
«Бишкек ун комбинаты» Ачык акционердик коом
“Толубай” Акционердик коммерциялык банк ЖАК
Улуттук телерадиоберүү корпорациясы
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаардык финансы башкармалыгы
Кыргыз Республикасынын Финансы Министерствосунун Ленин атындагы финансы башкармасы
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы
«Кыргызстан элдеринин ассамблеясы» коомдук бирикмелердин ассоциациясы
«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК
Бишкек шаардык телефон станциясы (БШТС)
Бишкек шаардык мамлекеттик архиви
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «161» куткаруу кызматы
«Кыргызстан Халык Банкы» ААК
Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин алдындагы баалуу металлдар департаменти
“Кыргызжолтрансдолбоор” Мамлекеттик ишканасынын долбоорло изилдөө институту”
Инновациялык технологиялык эл аралык университети
Эл аралык медицина университетинин Чыгыш кампус илимий өндүрүш комплекси
Эл аралык медицина университети
