super.kg logo

Жалал-Абадда “Крутой” аталышындагы рейд өттү

 
Жалал-Абад ОИИБи тарабынан жол транспорт кырсыктарын алдын алуу, автоунаалардын айнектерине чапталган күңүрттөөчү жапкычтарды алдыруу максатында “Крутой” аталышындагы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Рейддин жүрүшүндө 861 транспорт каражаты текшерилген. Анын ичинен 87 айдоочуга жол эрежесин бузгандыгы үчүн атайын протокол түзүлгөн. Дагы 3 айдоочуга спирт ичимдиктерин ичип алгандыгына байланыштуу административдик чаралар көрүлгөн.
Мындан тышкары айдоочулук күбөлүгү жок 14 айдоочу, мамлекеттик номери жок автоунааларды айдаган 4 айдоочу жоопко тартылган. Ошондой эле караңгылатылган айнектери бар 18 автоунаа токтоочу жайга киргизилген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: