super.kg logo

Кыргыз-Түрк Анадолу лицейи абитуриенттерди кабыл ала баштады (шарттары)

 

Кыргыз-Түрк Республикалык Анадолу лицейинде абитуриенттерди тандоо сынагына катышууга арыздарды кабыл алуу башталды. Арыздарды кабыл алуу 26-майга чейин уланат. Бардык 8-класстын окуучуларын бекер жана сапаттуу билим берген лицейибизде 3-июнь күнү боло турган тандоо сынагына чакырабыз.

Регистрация:

Дарек: Бишкек. Жал кичи-району. Тыналиева 44A

Телефон: 0312 49 10 93

Эл. почта taplink.cc/anadolu

Веб-сайт: www.ktal.meb.k12.tr

Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда түзүлгөн Макулдашуу жана протоколдорго ылайык ачылган Кыргыз-Түрк Республикалык Анадолу лицейи 1992-1993-окуу жылында ишмердүүлүгүн баштаган. Анадолу лицейи сапаттуу академиялык билим берет.

Окуу мөөнөтү жалпысынан 4 жыл, анын ичинде даярдоо + 3 жыл билим берилет. Даярдоо классында түрк жана англис тилдери окутулат; лицейде окутуу түрк жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт, ал эми англис жана орус тилдери сабак катары окутулат. Лицей мамлекеттик билим берүү мекемеси болгондуктан, акысыз билим жана ошондой эле окуучулар үчүн түшкү тамак бекер берилет.

Лицейге ар бир окуу жылында 8-классты аяктаган 50 кыргызстандык, эркек жана кыз окуучулар сынактын негизинде эки класска кабыл алынат. Лицей артыкчылыкка ээ болгондуктан, жылына орто эсеп менен 400дөн 600гө чейин талапкер сынакка катышат.






Кыргыз-Түрк Анадолу лицейи абитуриенттерди кабыл ала баштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: