super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров оңдоп-түзөөдөн өтө элек Дене тарбия жана спорт академиясына барды (фото)

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-майда Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы академиянын учурдагы абалы менен таанышып, тактап айтканда, футбол жана жеңил атлетика аянтчасын, машыгуу залдарын, ачык спорт аянтчаларын көрүп чыгып, академиянын спорттук базасы менен таанышты.

Президентке жеңил атлетика, футбол, күрөш, стол тенниси боюнча машыгуу процессин өткөрүүгө арналган манеж академиянын студенттери жана башка масштабдуу иш-чаралар үчүн 1976-жылы пайдаланууга берилгени тууралуу маалымат берилди. Бүгүнкү күндө анын абалы заманбап санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт, спортчуларды даярдоо үчүн заманбап шаймандар жок, колдогусу кейиштүү абалда.

Бул жерде буга чейин эч кандай оңдоо иштери өткөрүлгөн эмес.

"Президент Садыр Жапаров академиянын футбол жана жеңил атлетика аянтчасын толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө каражат таап, аны быйылкы жаңы окуу жылынын башталышына заманбап талаптарга жооп берип, студенттер үчүн эң ыңгайлуу шарттары менен боло тургандай кылып бүткөрүүнү тапшырды", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: