Демөөрчүлөр Ысык-Көл милициясына жаңы үлгүдөгү эки унаа беришти (фото)





Бүгүн, 4-майда Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгында эки автоунааны тапшыруу аземи болуп өттү.
Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага башкармалыктын башчысы Орунбай Кочкоров, облустук милициянын өздүк курамы, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Демөөрчүлөр унаалардын ачкычтарын тапшырып жатып, милициянын аткарган кызматын жогору баалашарын жана укук тартибин, жарандардын, коомдун укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн ыраазычылык иретинде автоунааларды беришерин баса белгилешти.
"Облустук милициянын башчысы демөөрчүлөргө көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, милиция ар дайым алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшарын ишендирип кетти. Ошондой эле, тапшырылган автоунаалар бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн талаптарына жараша, тактап айтканда, Каракол шаарынын жана Түп районунун Ички иштер бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлөрүн билдирди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.