УКМК төрагасы Сузактагы 4 балалуу үй-бүлөгө турак жай куруп берди












УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районундагы 4 балалуу үй-бүлөгө турак жай куруп берди. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалымдалгандай, Барпы айылындагы 4 балалуу үй-бүлө турак-жайга муктаж болуп келген. Эскилиги жеткен жайда күн кечирген үй-бүлөдөгү мектеп курагындагы кыздары Камчыбек Ташиевге кат жазып, жардам берүүсүн суранышкан.
Кечээ, 4-майда, жашоо үчүн бардык шарттары бар турак жай айыл элинин жана Камчыбек Ташиевдин катышуусунда үй ээлерине тапшырылды.
Камчыбек Ташиев үйдүн ачкычын тапшырып жатып, бул сыяктуу кайрымдуулук иштерди жасоо ар бир мүмкүнчүлүгү бар адамдарга зарыл экенин, өзү тарабынан ондогон жылдардан бери башкаларга үлгү катары жасалып келе жаткан кайрымдуулук иштерин мындан ары да улантаарын баса белгиледи.

