super.kg logo

Кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн район башчылары жолукту

 

Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган тийиштүү жетекчилер менен Өзбекстандын Сох, Риштан райондорунун акимдери жана жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, тараптардын жолугушуусу 4-майда Кыргызстандын "Өтүкчү", Өзбекстандын "Тул" чек ара бекетинде өткөн.

Жолугушууда тараптар чек аралаш аймактарда коомдук саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарында чыр-чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, чарбалык ирригациялык маселелерди жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алаканы күчөтүү, эки тараптуу маданий иш-чараларды өткөрүү тууралуу кеп кылышкан.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү деминде өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: