super.kg logo

Анкарада Орусия менен Украинанын өкүлдөрү мушташты

 

Анкарада Орусия менен Украинанын өкүлдөрү мушташты. Мындай көрүнүш Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун парламенттик ассамблеясынын саммитинде орун алган. Окуянын видеосу социалдык тармактарга жүктөлдү.

Белгилүү болгондой, мушташ "60 мүнөт" программасынын эфиринде болгон. Анда Мамлекеттик Думанын депутаты Ольга Тимофеева комментарий берип жаткан.

Капысынан анын артынан Украинадан келген эл депутаты Александр Мариковский пайда болуп, желекти кармап, Украинаны колдогон ураандарды кыйкырган.

Ал эми Орусия парламентинин эл аралык бөлүмүнүн кызматкери желекти жулуп алып, басып кеткен. Артынан барган Украинанын депутаты Орусиянын өкүлүн муштап жиберген.

Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун парламенттик ассамблеясы 1993-жылы түзүлгөн. Ага Азербайжан, Албания, Армения, Болгария, Греция, Грузия, Молдова, Орусия, Румыния, Түндүк Македония, Сербия, Түркия, Украина мамлекеттери мүчө болуп кирген.






Анкарада Орусия менен Украинанын өкүлдөрү мушташты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: