super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Жанни Инфантино менен Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсесин ачты (фото)

 

Бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын долбоору боюнча курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Жаңы кеңсенин ачылышында мамлекет башчысы ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Көпчүлүк кыргызстандыктар сыяктуу эле спорттун бардык түрлөрүнөн футбол мага абдан жакын. Буга байланыштуу ата мекендик футболду өнүктүрүү боюнча демилгелерге абдан ынтызар жана өлкөнүн ФИФАнын долбоорлоруна активдүү катышуусуна кызыкдарбыз", - дейт өлкө башчы.

Мамлекет башчысы мамлекеттик социалдык саясаттын эң маанилүү багыты калктын руханий жана физикалык саламаттыгына кам көрүү экенин, ал эми дене тарбия жана спортту өнүктүрүү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойноорун билдирди.

"Кыргыз спортчуларынын акыркы мезгилдеги эл аралык мелдештерде жетишкен ийгиликтери элди бириктирип, жаштарга күчтүү дем берүүдө. Мындан улам кыргыз эли Азия кубогунда улуттук курамадан да ушундай эле жогорку жыйынтыкты күтөбүз", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ачылуу аземдин соңунда Садыр Жапаров ата мекендик футболчуларга алдыдагы беттештерде жеңиштерди жана Кыргыз футбол союзуна жемиштүү иштөөнү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: