Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 пандемиясы бүткөнүн жарыялады
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус Женевадагы брифингде сүйлөп жатып 2020-жылы башталган COVID-19 пандемиясы аяктаганын билдирди.
"Кечээ өзгөчө кырдаалдар комитети 15-жыйынын өткөрдү жана мага COVID-19 пандемиясы токтогонун жарыялоону сунуштады. Мен бул сунушка макул болдум", - деген ал.
Ал ошондой эле пандемия учурунда ДСУнун маалыматы боюнча 20 миллион адам коронавирустан каза болгонун айтты.
Бул убакыт аралыгында ооруга чалдыккандардын саны 765 миллион 200 миң адамга жетти.
ДСУ 2020-жылдын 11-мартында COVID-19 пандемиясын жарыялаган. Пандемия 3 жыл 1 ай 24 күнгө созулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jigitaliev95

06.05.2023. 12:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбогон эле нерсе бул коронавирус оздору ойлоп табышкан
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.