super.kg logo

Чүйдө жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды

 

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, укук коргоо органдарына Достук айылынын тургундары жергиликтүү кеңештин депутатынын аракети боюнча арыз менен кайрылышкан.

"Айылдык кеңештин депутаты суу өткөрөбүз деп тургундардан 3500 сомдон акча чогултуп алган. Бирок тургундар аткарылган иштерге нааразы болгон - түтүктөр сапатсыз болуп, жарабай калган. Сууну чыгарганга аттуу жеке компания жооптуу болгон.

Демөөрчү катары бир фонд дагы чыккан. Ишти “И.К.” аттуу жеке фирма жүргүзгөн. Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Аламүдүн районундагы жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты И.У. аттуу жаран тергөө кызматына жеткирилип, андан ары убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган жаран буга чейин да бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Анын үстүнө учурда башка кылмыш иши боюнча айыпталууда" деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда. Келтирилген чыгым такталууда.

Аталган маселе боюнча жарандарда суроолор же арыздар боло турган болсо Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө төмөнкү телефондорго кайрылса болот. 0312 36-35-23, 36-35-27






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: