super.kg logo

Парламенттин төрагасы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевден кабар алды 

 

Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жеңиш майрамын утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевдин үйүнө барып, кабар алды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, төрага ардагерди Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктап: "Сиздер кан күйгөн согушта каармандык көрсөтүп, көп улуттуу Совет мамлекетинин бүтүндүгү жана тынчтыгы үчүн күрөшкөнсүздөр. Айрыкча мекен үчүн жасаган майдан талаасындагы эрдиктериңер менен сыймыктанабыз. Андыктан сиздердей ардагерлерибизге азыркы муун жана келечек урпактар да карыздар",- деди.

Муну менен катар кылым жашаган аксакалга дөөлөттүү карылык, бекем ден соолук тилегин төрага ала барган белектерин тапшырып, батасын алды.

Ал эми ардагер Аспек Жумашев: "Эгемен мамлекетибизди эмгек менен гана өнүктүрө алабыз. Ошондуктан жаштар Кыргызстан үчүн талыкпай кызмат кылып, элдин эртеңи үчүн эмгектенгиле. Биздин башыбыздан өткөн алаамат кайрадан кайталанбасын. Тынчтык менен бакубат турмуштун баркын билгиле",- деди.

Белгилей кетсек, Аспек Жумашев 18 жаш курагында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, ар кайсы фронттордо күжүрмөндүк менен душмандарга каршы күрөшкөн. Көрсөткөн эрдиги үчүн Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени баштаган жогорку даражадагы сыйлыктарга татыган. Үч уул, беш кызды тарбиялап өстүргөн аксакал азыркы тапта 21 неберенин, 22 чөбөрөнүн кадырлуу чоң атасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: