super.kg logo

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев дүйшөмбү күнү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгонун анын Telegram каналы билдирди.

Белгилүү болгондой, бул өлкө башчысынын ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга узартуу боюнча Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден берки биринчи президенттик шайлоо болмокчу. Конституциялык мыйзамга ылайык, экинчи мөөнөткө шайланган азыркы президент Шавкат Мирзийоев кайрадан президенттикке ат салыша алат.

"Жаңыланган конституциянын 128-беренесиндеги өлкө президентине берилген ыйгарым укуктардан пайдаланып мен экинчи маанилүү жарлыкка кол койдум. Ага ылайык, биздин өлкөдө президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлөт", - деген ал парламент, саясий партиялардын башчылары, сот органдарынын жана аткаруу бийлигинин жетекчилери, коомчулук өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда.

Шавкат Мирзийоев өлкө башчылыгына 2016-жылдын декабрь айында Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов каза болгондон үч ай өтүп кезексиз шайлоодо келген.

Ислам Каримов 1989-жылдан баштап президенттик кызматты ээлеген. 2021-жылдын октябрь айында Мирзийоев шайлоочулардын 80,12 пайыз добушуна ээ болуп, кайрадан президенттик кызматка киришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: