Эртең Ош шаарынын бир көчөсү жабылат

Эртең, 9-майда саат 08:00дөн 11:00гө чейин Ош шаарынын бир көчөсү жабылат. Бул тууралуу калаа мэрисынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата “Өлбөс полк” жүрүшүнө байланыштуу Ленин көчөсүнүн Нурматов көчөсү менен кесилишинен баштап Абдыкадыров көчөсүндөгү көпүрөгө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Шаардык мэрия унаа ээлеринен жолду тоспоо жана башка унааларга тоскоол болбоо үчүн унааларын кароосуз калтырбоону суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.