Төрага Шакиев баштаган депутаттар Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты











Бүгүн, 9-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев депутаттар жана Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган жетекчилер менен бирге Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, салтанатта ардагерлер жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү болду. Алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди.
"Майрамдык иш-чарада сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев Улуу Жеңиш майрамы каармандыктын жана элибиздин тайманбас эрдигинин үлгүсү экенин белгиледи. Жеңиш үчүн күрөшкөн согуштун жана ооруктагы эмгектин ардагерлеринин катары күн санап азайып жатканына өкүнөрүн айткан төрага иш-чарага катышкан ардагерлерге дөөлөттүү карылык, бекем ден соолук тиледи.
Андан соң Бишкек шаардык аскердик гарнизонунун жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү болду. Жыйынтыгында Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге атайын даярдалган аскердик боткодон ооз тийишти", - деп айтылат билдирүүдө.



