super.kg logo

Оштун Кара-Жыгач айылында себепсиз өлгөн 6 баш уй боюнча мекеме түшүндүрмө берди

 

ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кайрылган Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну бир убакта 6 баш уй эч бир себепсиз өлгөнүн маалымдаган.

Анда "муну эл малга ветеринардык дарыгерлер тарабынан эмдөө болбогону себептүү күйдүргү оорусу деп божомолдоп жатат" деген окурман окуя 5-майда болгонун кошумчалаган.

Аталган маселе боюнча Кара-Кулжа райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгына кайрылганыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Сайтка жарыяланган күнү (ред.; 8-май) райондун ветеринардык кызматы тарабынан жеринде эпизоотиялык иликтөө иши жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгында Кара-Жыгач айылынын тургуну Койбагаров Жыргалбекке таандык 1 баш ири мүйүздүү мал 2022-жылдын күз айларынан бери тиешелүү деңгээлде багылбай, өпкөсүнө суук тийип, арык болуп жүргөнү аныкталган. Мал ээси өз убагында ветеринардык адиске кайрылган эмес. Жаз айлары келип, көк чөпкө чыккан мал, көтөрүм болуп өлгөндүгү аныкталган" деп билдиришти мекемеден.

Ошондой эле Кара-Жыгач айылында "Сибирь Жара" ылаңынын чордону катталган эместигин, бирок ага каршы эмдөө жүргүзүлгөнүн маалымдашты.

"Жергиликтүү тургун менен баарлашканыбызда: "Адис эместигиме байланыштуу элден уккан маалымат боюнча сайтка жибердим, бирок малды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ветеринардык кызмат жана коомчулук менен биргеликте мал-жандыктардын жугуштуу ылаңдарынын алдын алуу боюнча биргеликте иш алып баралы" деди.

Мындан ары да окурман менен тыгыз байланышта болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлө берери сүйлөшүлдү" деп кошумчалашты мекеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: