Ош шаарында Жеңиш күнүнө карата спорттук мелдештер өткөрүлдү













Ош шаарында Жеңиш күнүнө карата спорттук мелдештер өткөрүлдү. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, калаадагы Токтогул Сатылганов, Алишер Навои атындагы сейил бактарында жана ВоркАут, Ордо аянтчаларында спорттун мелдештер өткөрүлдү: аркан тартыш, ордо, тогуз коргоол, гиря көтөрүү, турниктерде тартынуу, шахмат, стол тенниси.
Спорттук иш-чараларга 250дөн ашык адам катышты.
Мелдештин жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн, аны Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.