super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Кыргызгазды” саталы, бирок газ маселесин чече турган укуктун баарын “Газпромго” бербешибиз керек”

 

“Кыргызгазды” сатууну “Ата Мекен” фракциясы өз сунушун айтуу менен гана колдоду. Биздеги газ маселесинин баарын “Газпром” гана чечип, Кыргызстан газ боюнча толук Орусияга көз каранды болуп калбашы керек”,- деди ЖКнын 11-декабрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев. Айтымында, “Кыргызгаздын” сатылышы менен өлкө өзүндөгү жаратылыш байлыгын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк алып жатат.  

“Кыргыздын жакшы макалы бар, “башкага көз каранды болсоң да, жакын тууганыңа көз каранды болбо” деген. Муну унутпашыбыз керек. Бирок “Газпромдун” баарын башкарып алышына жол бербешибиз зарыл. Мына, Кытай Кыргызстан аркылуу Түркмөнстандан газ алып өткөнү жатат. Чоң-Алайга эмне үчүн ошол түтүктөн газ алып калууга болбойт? Түтүк тартып Ош шаарына чейин газ алып келсек болот. Чоң-Алай эли эмне үчүн “Газпром” газ алып келет деп 25 жыл күтүшү керек?!”- деди Текебаев.

Көпчүлүк депутаттар Текебаевдин айтканын колдоого алышты. Депутат Каныбек Иманалиев "Текебаевдин "Кыргызгаз" боюнча карманган позициясы парламенттин позициясы болууга тийиш",- десе, Кожобек Рыспаев "Текебаев айткан сунушту колдойм. Кыргызстанда бир да чет элдик компания монополист болбошу кажет",- деп билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: