super.kg logo

Москвада Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев жолугушту

 

Бүгүн, 9-майда президент Садыр Жапаров Москвада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ошондой эле биргелешкен өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү боюнча чаралар тууралуу талкуу жүрдү.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 78 жылдыгы менен бири-бирин куттукташты.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын боордош элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу өнөктөштүктүн бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүгүүсүн арттырууга макулдашышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: