super.kg logo

Жапаров Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган күрөш оюндарынын ачылышына катышты 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган кыргыз күрөш боюнча мелдештин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Жапаров Ош шаарында мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган масштабдуу иш-чаралар өтөрүн белгиледи.

“Насирдин Исанов мага рухий жактан абдан жакын адам болчу. Мыкты стратег, экономика илимдеринин доктору, ал бүт өмүрүн Кыргызстандын элине кызмат кылууга арнаган. Анын ысымы өлкөбүздүн тарыхында түбөлүккө сакталат”, - деген Акылбек Жапаров, мелдешти уюштурган демилгечилерге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Жапаров турнирдин уюштуруучуларына министрлер кабинетинин и өрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн 200 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Белгилей кетсек, мелдештер Ош облусунун Ноокат районундагы “Сахаба” стадионунда өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: