super.kg logo

Москвадагы парад: Лукашенконун абалы көпчүлүктүн көңүлүн бурду

 

Бир нече маалымат каражаттары Беларустун президенти Александр Лукашенконун ден соолугунун абалына көңүл бурду.

Москвадагы парадда Лукашенконун колу таңылганын бир катар басылмалар жазышууда. Башка президенттер Александр бакчасындагы белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүл коюуга жөө барышканда Лукашенко көрүнгөн эмес. Беларусь лидери ал жакка электромобиль менен барганын РИА Новости жазып чыкты.

Лукашенко ден соолугуна байланыштуу башка президенттер менен эртең мененки майрамдык тамакка барган эмес. Журналисттер жана Telegram каналдары Владимир Путин жогорку даражалуу конокторду чакырган Кремлдеги тамактануунун ордуна Беларустун башчысы аэропортко барганын, ал жерде тез жардам кызматы нөөмөттө турганы айтылды.

Ошол эле учурда Александр Лукашенко Минсктеги Жеңиш эстелигине гүлчамбар коюу аземине катышкан. Аны менен бирге үч уулу да болгон. Бирок "Зеркало" басылмасы жазгандай, Лукашенко анда сөз сүйлөгөн эмес. Анын ордуна коргоо министри Виктор Хренин сүйлөгөн.

Беларусь бийлиги Лукашенконун ден соолугунун абалы тууралуу эч кандай комментарий бере элек. Бирок акыркы эки жумада ал эки жолу гана эл алдына чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: