super.kg logo

Чүйдө Ленинград блокадасынын катышуучусуна эки бөлмөлүү батир берилди 

 

Чүйдүн Аламүдүн районунда 9-май Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата Ленинград блокадасынын катышуучусу Валентина Пяткевиченеге эки бөлмөлүү батир жана 100 миң сомдук бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Ленинград блокадасынын катышуучусуна батир алуу чечими жергиликтүү кеңештин жана айыл өкмөттүн аппаратынын жалпы жыйынында кабыл алынып, жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Валентина Пяткевичене эки жыл окуппацияда болуп, 1942-жылы Алтай аймагына эвакуацияланган.

"Блокада жылдары менин ден соолугума оор таасирин тийгизип ооруп, дээрлик 4 жашка чейин баскан жокмун. 8 жашымда мектепке, 18 жашымда өлкө жумушчу күчүнө муктаж болуп турган кезде заводго иштөөгө бардым. 1978-жылы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу апам экөөбүз Кыргызстанга көчүп келдик. Ошондон тарта, тагыраагы, 40 жылдан бери жергиликтүү мектепте иштеп келем", - дейт ал.

Белгилей кетсек, учурда Чүй облусунун аймагында 10 ардагер бар. Алардын алтоосу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, үчөөсү Ленинград блокадасынын жана бир концлагердин туткуну.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: