super.kg logo

"Керек болсо мөңгүдөн эритип берсин". Чүйдө дыйкандар суу берилбей жатканын айтышты

 

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы дыйкандарга суу берилбей, кулпунайлар куурап жатат. Мындай билдирүүнү дыйкандар ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө жөнөттү.

"200 гектардан ашык жерге суу келбей дыйкандардын мээнети текке кетип, кулпунайлар куурап жатат. Айыл өкмөт башчыга кайрылсак, мөңгү эрибей жатат деген шылтоону айтууда" дейт тургун.

Ошондой эле алар Чүйдүн башка аймактарында суу берилип, бир гана Аламүдүн районуна берилбей жатканын кошумчалашты.

"Чүйдүн башка аймактарына суу берилип жатат. Эмнеге бизге берилбейт? Керек болсо мөңгүдөн эритип беришсин. Тийиштүү кызмат адамдары караш керек да. Дыйкандардын эмгеги күйө береби? Биз мээнет кылып жатабыз, бул нерсеге көңүл буруш керек.

Быйылкы жылдын эсебинен кулпунайларды сугара элекпиз. Алар куурап жатат" дешти алар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Чүйдө дыйкандар суу берилбей жатканын айтышты

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: