Чемпиондор Лигасы: Эрлинг Холанддын атасын "Сантьяго Бернабеу" стадионунан кубалашты (видео)
Норвегиялык футболчу Эрлинг Холанддын атасы Альфи Холандды Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык беттешинин алкагындагы "Реал Мадрид" - "Манчестер Сити" беттешинде стадиондон кубалашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал стадиондун VIP зонасында отуруп, мадриддик клубдун күйөрмандарына тамак-аштын калдыктарын ыргыткан. Ал ошондой эле күйөрмандарды жаман сөздөр менен сөккөн. Мындан улам күйөрмандар Альфи Холандды стадиондон кубалашкан.
Жыйынтыгында ал күзөтчүлөрдүн коштоосунда оюн бүтө электе эле стадиондон чыгып кеткен.
Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Бул эки команданын жооптук оюну 17-май күнү Манчестер шаарында өтөт.
Эрлинг Холанддын атасын стадиондон кубалашты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.